Таласта айдоочу рулду башкара албай унаасы оодарылып кетип, кырсыктан 1 адам каза болду

Таласта адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. 12-август күнү саат 09:10до Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун Манас айылындагы тилкесинде Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көсөтүшкөн. Андан соң жаракат алган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-08-13 10:10:12
Ииий кырсык да эми. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан