Нарын шаарында 12-август күнү саат 12:00дөр чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы барган. Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташууга жардам беришкен. Ошондой эле Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.