Казак жараны Орусияга баратып күйүп кеткен автобустан 48 адамды куткарып калды

Казак жараны Орусияга баратып күйүп кеткен автобустан 48 адамдын өмүрүн сактап калганын орусиялык жана казакстандык басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга таянсак, бир жума мурун Семей-Новосибирск багыты боюнча каттаган автобустан түн ичинде өрт чыккан. Жүргүнчүлөрдүн ичинен Казакстандын 37 жаштагы жараны, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген Ержан Амарханов ойгонуп кетип, күйүп жаткан автобустан 48 жүргүнчүнү куткарып калган. Ал алгач башка жүргүнчүлөрдү ойготуп, андан соң автобустун бекип калган эшигин тээп ачып берген.

"Эгерде Ержан болбогондо эжем экөөбүз күйүп же болбосо түтүнгө ууланып өлүп калмакпыз. Ал балдарды көтөрүп ташып, баарыбызга жардам берди", - деп билдирген автобустун 15 жаштагы жүргүнчүсү Кирилл Рявкин.

Кырсыктын кесепетинен Ержандын бүт документтери жана унаа үчүн чогулткан акчалары күйүп кеткен. "Мага бейтааныш адамдар келип өз ыраазычылыгын билдирип, моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүп жатышат. Ал эми автобустун айдоочусу мен сизге жарым сааттан кийин чалам деген бойдон жок. Үчүнчү күн болду күтүп жатам", - деп билдирген Ержан.

Ал эми автобуска ээлик кылган "Межгортранс" ААКсы жабырлануучулар көп болгонуна байланыштуу баарына ирети менен материалдык чыгымдар төлөнүп берилип жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Ержан дагы өз кезеги менен материалдык жардам алганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
lady_91
2018-08-13 12:09:34
Алла раазы болсун Азамат!!!
+17
Cherik.777
2018-08-13 12:11:34
Красавчик
+8
Snikers18
2018-08-13 12:14:25
Алаа ыраазы болсун. Азамат экен!
+12
bond02
2018-08-13 12:32:42
РФнын баатыры болот эми.
+7
Tansuluu09
2018-08-13 12:46:16
Сиздей адамдар коп болсун
+6
jibew
2018-08-13 14:36:21
Азаматсын! Стрипклубда журот го..
+6
dobrajelatel
2018-08-13 15:03:53
Алла раазы болсун!
+3
Samar90
2018-08-13 22:22:46
Айттырбай келген кырсыктан сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан