Жайкы Азия оюндары: Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду

Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында волейбол боюнча Кыргыз курамасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.

Азия оюндарында волейбол боюнча мелдеште 20 курама команда күч сынашат. Алар 6 тайпага бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы Индонезия жана Сауд Арабия курамалары менен бир тайпага туш келген. Волейбол боюнча Кыргыз курамасына 12 спортчу кирди, алардын арасында Оңол Каныбек уулу, Кылыч Сарбагышев, Роман Шилов жана башка белгилүү волейболчулар бар.

Азия оюндары Индонезияда 18-августтан 2-сентябрга чейин өтөт. Кыргыз курама командасы 20-августта алгачкы беттешинде Сауд Арабияга каршы ойноп, 24-августта Индонезия менен беттешет.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • Темир Муса уулу, Медет Эргеш уулу, Азамат Жумабеков ("Улар")
  • Кылыч Сарбагишев, Роман Шилов, Талгат Чалмашбеков, Кутманбек Абсатаров ("Салам-Алик")
  • Оңол Каныбек уулу, Дамир Газинур уулу ("Жаңы-Муун")
  • Нурмухаммед Токтоев ("Дархан ОшТУ")
  • Эмиль Идирисов ("EREM")
  • Маназ Нуралы уулу ("Аксы")
  • Башкы машыктыруучу: Андрей Анкудинов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kojosh80
2018-08-13 11:04:50
Көп күчтүү оюнчулар жок го бардык жерде эле саясат
+1
suyor
2018-08-13 11:33:46
Алдыдагы тортоо пленге тушкондой отуратко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан