ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте эл ташыган жана жүк ташыган эки кичи автобус сүзүштү

13-августта Бишкекте эл ташыган жана жүк ташыган эки кичи автобус сүзүштү. Жол кырсыгы саат 21:00 чамаларында Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде катталганын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. Окурмандын айтымында, эл ташыган кичи автобус оодарылып калды.

"Күбөлөр жол кырсыгына эл ташыган кичи автобус күнөөлүү экенин айтып жатышат. Себеби ал жүк ташыган кичи автобустун алдынан чыга калыптыр. Кырсыктын кесепетинен айрым жүргүнчүлөр жабыркап ооруканага жиберилиптир", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nuru95kg
2018-08-14 00:55:52
Кудай сактаптыр
+3
aza84
2018-08-14 02:43:50
Баягы эле жан талашкан маршруткаларда
+1
patiydin
2018-08-14 07:57:59
Дагы марщруткаларда текшир-текшир башталат экенда?
+1
deva
2018-08-14 08:56:29
Маршруткаларды алып салса сонун болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан