Биз социалдык тармакта

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян үй камагына чыгарылды

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-августта апелляциялык сот Роберт Кочаряндын жактоочусунун абактан бошотуу боюнча өтүнүчүн карап, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Роберт Кочарян өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарган, ал 2008-жылы 1-март айында нааразычылык акциясына чыккандарга карата күч колдонгондугу үчүн айыпталып ушул жылдын 27-июлунда камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан