Голливуд жылдызы Анжелина Жоли психикалык жактан жабыркап ооруканага жаткырылды

Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли психикалык жактан жабыркап, ооруканага жаткырылды. Мындай билдирүүнү батыш маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, актриса булимия жана анорексияны дарылоочу психикалык ооруканага жаткырылган. Тактап айтканда, боюнун узундугу 169 сантиметр болгон актрисанын салмагы учурда 44 килограммга түшүп кеткен. Жергиликтүү маалымат агенттиктери Анжелина Жолинин дагы арыктап кетишин мурдагы жолдошу, актёр Брэд Питт менен ажырашуу процессине байланыштырууда. Себеби мындан бир нече күн мурда сот Брэд Питт балдары менен 4 сааттан 12 саатка чейин көрүшүп турсун деген чечим чыгарган. Мындай чечим актрисага катуу сокку болгон. Анткени Анжелина Жоли мурдагы жолдошу менен таптакыр эле мамилесин үзүп, алтургай балдары дагы атасы менен байланышын токтотуусун каалаган.

Мындан 2 жыл мурда киножылдыз 35 килограмм салмакка чейин арыктап рак, анорексия менен ооруп, дарыланууга мүмкүн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2018-08-14 09:37:35
Байлар дагы ыйлашат.....
+9
010288
2018-08-14 10:40:35
Бээнин сутун ичириш керек
+16
mandalak
2018-08-14 11:30:51
010288, Млаа олтурдунда кишини куло берип баш багып кеткенин сезбей да калыптырмын )))))
+3
Artyr1994
2018-08-14 12:00:29
Кочмондор оюнуна келет деген эле. Туфла болду го идеяларынар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан