ЖЫЛНААМА, 14-АВГУСТ: Белгилүү америкалык актриса Мила Кунис 35 жашка толду

Бүгүн америкалык актриса Мила Кунис 35 жашка толду. Ал 1983-жылы 14-августта Украинанын Черновцы шаарында еврейлердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын апасы мектепте физика мугалими болсо, азыркы учурда дарыкананын башчысы болуп эмгектенет. Атасы заводдо инженер-механик болуп иштеген болсо, азыр таксист.

Актриса улуту тууралуу көп убакытка чейин айтпай келген. Кийин британиялык The Sun басылмасына еврейдин үй-бүлөсүнөн болорун билдирген. СССР тарагандан кийин 1991-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен. Лос-Анжелес шаарына баргандын эртеси күнү тил билбей туруп мектепке бара баштаган. Бул боюнча өзү колледжге окууга тапшырарда жазган эссесинде "Жети жашыңызда өзүңүздүн көзү көрбөгөн, кулагы укпагандай абалыңызды элестетиңиз" дегени айтылып жүрөт.

Мила Кунис 9 жашынан баштап жарнамаларга тартыла баштаган. Ал телешоулордун менеджери Сьюзан Кертис менен таанышкандан кийин "Малибунун куткаруучулары", "Чечкиндүү Уокер" өңдүү теледолбоорлорго катышкан.

Актриса 1998-жылга чейин тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан. Андан соң "Жетимишинчи жылдардын шоусу" сериалында башкы ролдордун бирин алган. Сериалга жашы 18ден өткөндөр тартыла аларын билген актриса өзү 15 жашта экенин жашырып койгон. Бир канча эпизодго тартылгандан кийин анын жаш курагы белгилүү болуп, режиссёр актрисаны алмаштырбай сериалды тартууну уланткан. Мила Кунис жогорудагы сериалга 8 жыл бою тартылып, бул мезгил аралыгында 200 сериясына катышкан.

2001-жылы "Сүйүү вирусу" тасмасына тартылган. 2002-жылы "Америкалык психопат" тасмасында роль жаратып, бирок тасма ийгиликтүү болбой калган. Актрисага тасма жаатындагы ийгилик балериналардын атаандаштыгы жөнүндөгү "Кара ак куу" (2010-жылы экранга чыккан) фильминен кийин келген. Актриса андан кийин тасмаларда башкы ролдорду аткара баштайт. Анын ичинде "Достуктагы секс" (2011-жылы), "Юпитер. Чокуга чыгуу" (2015), "Аябай начар апалар" (2017) тасмаларында башкы ролду жараткан.
Мила Кунис "Үйдө жалгыз" тасмасында роль жараткан актёр Маколей Калкин менен мамиле куруп, бирок үйлөнүшкөн эмес. 2011-жылы экөө эки башка жолго түшкөндөн кийин Маколей депрессияга түшүп баңгизат колдонгону, өз жанын кыюуга аракет кылганы айтылып жүрөт.

2012-жылы актёр Эштон Кутчер менен кыз-жигит болуп, үч жылдан кийин актёрго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн Уайетт Изабел Кутчер аттуу кызы жана Димитрий Портвуд Кутчер аттуу уулу бар.
 
14-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан