Акыркы жылдарда Кыргыз жерине араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өсүп жатканын аларга өлкөнүн кооз аймактарын көрсөтүп, тааныштырып иштеген гид - Эрболот Касымов айтты. 3 жылдан бери туристтер менен иштешип келе жаткан маектешим "Алар биздин өлкө тууралуу кайдан маалымат алат, биздин жердин эмнесин жактырат, эмнеси жакпайт?" деген суроолорубузга жооп берди.
Айтымында, Касымов гид болуп жай мезгилинде гана иштейт.
"Түркияда магистратурада окуйм. Жайкы эс алууда мекениме келип иштеп кетип турам. Ал эми араб тилин бакалаврда окуп жатканда Бишкектеги Чыгыш университетинен үйрөнгөм", - деди ал.
Эрболот Касымов арабдардын Кыргыз өлкөсүнө акыркы жылдарда байма-бай келип жаткандыгынын башкы себеби - бизде салыштырмалуу тейлөөнүн, азыктардын арзандыгы менен байланыштуу экенин айтат. Таза аба, жаратылыштын кооздугу да башкы орунда экенин белгиледи.
"Кыргыз деген мамлекет бар экендигин араб туристтери социалдык тармак аркылуу билишет. Алардын эң көп колдонгон социалдык тармагы - Snapchat. Бул тармак аркылуу өлкөгө келген ар бир араб ичкен тамагын, барган жерин, жаратылыштын кооздугун сүрөткө тартып алып бири-бирине жөнөтүү менен жарнама кыла беришет. Улам кийин келгени баягы сүрөттү көрсөтүп, ушул жакка алып бар дешет".
"Көлгө барып сууга түшпөгөн араб туристтери"
"Арабдар көлгө барып сууга түшпөй кетишет. Көпчүлүгү көлдүн суусун муздак деп айтышат. Аларга шар аккан суу, бак-дарак, жашыл чөптүү жер керек. Эгер аларга жаккан жерге алып барсаң түндөп, күндөп эле өздөрүнүн тамак-аштарын жасап жеп отура беришет. Көбүнчө араб туристтерин Суусамыр өрөөнүнө алып барабыз. Себеби ал жер баарына жагат. Арабдар Европа өлкөлөрүнөн келген туристтерден айырмаланат. Биринчиден, биздин тарыхый жана улуттук баалуулуктарыбызга кызыгышпайт.
Мындан тышкары алар өлкөнүн кайсы жери кооз же эс алууга жакшы деген маалыматтарды билишпейт. Арабдар жылкыны абдан жактырышат. Кымызын ичип көрүп, бээни саап жатканда карап тура беришет. Анан эң кызыгы, карды көргөндө абдан сүйүнүшөт. Аны кармап көрүп, сүйүнүп бакырып жибергендери да бар (күлүп). Андан кийин аны жеп көрүшөт. Жамгыр жааганда да кийимдери суу болуп калгыча жүрө беришет. Биздин аба ырайы аларга абдан жагат. Ысык-Көл, Суусамырдан тышкары Жалал-Абадга, Сары-Челек, Арсланбапка барышат. Бирок ал жерлерге баары эле бара бербейт, жол узак деп көбү баш тартат.
Балга арабдардын суроо талабы жогору. Алар бир алганда 30-50 литр балды сатып алып кетишет. Ал эми кыргыздын улуттук сувинерлерине кызыкпайт, сатып деле алышпайт. Бизге эң көп Сауд Арабиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Катар өлкөсүнөн туристтер келишет. Иран, Ирак мамлекеттеринен келгендер жокко эсе. Ошондой эле турист болуп келгендер көбүнчөсү карапайым эле элдер. Алар беш күндөн бир айга чейин эс алып кетишет. Туристтер кыргыздын улуттук тамак-аштарынан өзгөчө бешбармакты жактырышат. Жаратылыштын коюнунда шишкебек жасап жегенге кызыгышат", - дейт ал.
Маектешимдин айтымында, биздин мекендештер чет элдик конокторду тосуп алууну жакшы өздөштүрө элек.
"Туристтерди биздин тейлөө кызматыбыздын начардыгы кыжырдантат. Алар алгач аэропорттогу ажаткананын абалына нааразы болуп, таза эместиги тууралуу айта беришет. "Силердин чоң аэропортуңарда 1-2 эле пол жуугуч иштеп жүрөт, алар кантип имараттын бардыгын тазалап жетишмек эле?" деген суроолорду көп беришет.
Мекенибиздин жайлоолорунда жана башка кооз жерлеринде даараткананын жок экени да маселе жаратат. Мындай учурлар туристтерге ыңгайсыздык жаратып, өлкөбүздү жаман жагынан көрсөтөт деп ойлоп калам. Биз чет элдик конокторду 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан дааратканаларга алып барууга аргасыз болобуз.
Негизи чет элдик конокту тосуп алган мекендештер туристтерди "кийин дагы келсин" деген максатта тосуп-узатса жакшы болмок.
Дагы бир чоң көйгөйлөрдүн бири - бул туристтердин коопсуздугу. Биз алардын коопсуздугун толук түрдө коргой албай калабыз. Кээ бир гиддер эң жөнөкөй делген биринчи жардам берүү же башка керектүү нерселерди билишпейт", - деп кошумчалады.