Японияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата семинар өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги эл аралык Япониянын Социалдык клубунун өкүлдөрү менен өткөргөн. Бул тууралуу 13-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Анда Айтматовдун сүрөттөрүнүн жана япон тилине которулган китептеринин презентациясы көрсөтүлдү. Ошондой эле эки тараптуу мамилелердин жетишкендиктери жана ушул жылда өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
"Семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын туристтик даремети тууралуу маалымат менен таанышты. Эки өлкө ортосунда узак мөөнөтү жана натыйжалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында сумо спортчулары, кол күрөш жана башка күрөштөр боюнча спортчулардан жана судьялардан турган Япон делегациясынын катышуусу күтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргыз жерине Япониянын музыканттары жетектеген ар кандай өлкөлөрдүн ооз комузчуларынын ансамблинин келиши мүмкүн экени айтылды.