Орус эстрада ырчысы, композитор Нюша 28 жашка толду. Ал 1990-жылы 15-августта Москвада төрөлгөн. Нюшанын өз аты - Анна Владимировна Шурочкина. Нюша алгач 5 жашында студияда "Чоң аюунун ыры" аттуу ырды жаздырган. Музыкалык билим алган эмес. 11 жашында "Гризли" тобунда ырдап баштаган. 14 жашында "Жылдыздар фабрикасы" сынагына жашы жетпей өтпөй калган. 2007-жылы "СТС супержылдызды жандырат" деп аталган телевизиондук шоудо Бьянканын "Были танцы", Максим Фадеевдин "Танцы на стёклах", "Ранетки" тобунун "Тебя любила я", Фергинин "London bridge" ырларын аткарып, жеңүүчү болгон.
Нюша 2017-жылдын январь айында өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына манжасына тагылган нике шакектин сүрөтүн жарыялап, кимдир бирөө жүрөгүн багындырып алганын ачыктаган. Бирок бир топ убакытка чейин сүйүктүүсүнүн аты-жөнүн жашырып келген. Ага карабастан ырчынын күйөрмандары анын болочок жолдошу Орусиянын эл аралык студенттик спорт федерациясынын башкы кеңешчиси, 37 жаштагы Игорь Сивов экенин, ал мурун үйлөнгөнүн жана эки баласы бар экенин айтып чыгышкан. Ал эми былтыркы жылдын август айында ырчы турмушка чыкканын расмий түрдө өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тастыктап, фотосессия учурунда жолдошу Игорь Сивов менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Анда жубайлар бири-бирин бир көрүүдөн жактырып калышканын, бара-бара мамилеси жакындап, үй-бүлө күтүүгө алып келгенин айтышкан.
“Мен Игорду биринчи көргөндө эле жүрөгүмдө жылуу сезимдер пайда болгон. Кийин жакындан таанышып, ал мага саякатка чыгып келүүнү сунуштады, бирок кайсы жакка бара турганыбызды айткан эмес. Эртеси жолго чыгып, Африкага келип кондук. Ал жактан мени кичинекей отургучка отургузуп, бул жергиликтүү салттардын бири экенин айтты. Ага ишенген мен унчукпастан отура бердим, бир кезде кокостун кабыгына нике шакегин салып, жерге тизелеп отурган Игорь үйлөнүү сунушун киргизди”, - деген ырчы.
Ошондой эле ал үлпөт тойду Мальдив аралдарынан өткөрүшкөнүн айткан.
“Мен буга чейин Мальдив аралдарына барып, аябай таасирленгем. Ал жерге канча барсаң да кайра-кайра баргың келе берет. Мындан улам үйлөнүү тоюбузду да дал ушул жерден өткөрүүнү чечип, ага жалаң гана жакын тааныш-билиштерибизди чакырдык. Ал гана эмес түнү менен аталган аймактагы түнкү клубдардын биринде чер жаза бийледик. Кызыгы Голливуд жылдыздары Перис Хилтон, Леонардо Ди Каприо биздин жаныбыздагы столдо отурушуптур. Ди Каприо алгач тартынып, көп деле бийлебей жаткан, кийин бий аянтчасынын негизги каарманына айланды”, - деген Нюша.
Ырчы үлпөт той күнү жолдошун таң калтыруу максатында бир канча кийим алмаштырганын, ал эми бойдокчулук менен коштошор алдында курбу кыздары менен Парижде пижама кечесин өткөргөнүн айтса, жолдошу достору менен биргеликте Кёльн жана Амстердам шаарларында хоккей чемпиондугун көргөнчө бойдокчулук менен коштошуу кечесин өткөргөнүн айткан.
Азыркы учурда жубайлар наристе күтүп жаткан чагы.
15-августтун жылнаамасы.