2 ай мурун дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Диана Турдубаева дале табыла элек

Мындан 2 ай мурун дайынсыз жоголгон Диана Турдубаева дале табыла элек. Бул тууралуу Турдубаеванын жакындары билдирди.

Диана Турдубаева 2018-жылы 8-июнда саат 12:00дөр чамасында Бишкектин четиндеги Жеңиш конушундагы үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кыз үйдөн чыгып кеткен учурда ак түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутунда кызыл түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Бою 160 сантиметр, чачы узун кара түстө, арык чырай.

Диана Турдубаеваны көрүп-билгендер болсо же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар адамдар Биринчи Май РИИБине 0 (312) 56-82-60, 0 (550) 10-21-70, 0 (555) 66-56-53, 0 (550) 10-24-86, 0(701) 41-19-79 номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-08-14 14:25:46
Аман эсен табылып калсын!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан