Тажикстандан дары-дармектердин аткезчилик жолу менен алып келиниши боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстандан дары-дармектердин аткезчилик жолу менен алып келиниши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 14-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 5-августунда Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айыл аймагынан Мерседес-Бенц Спринтер-311 үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган. Аны 1953-жылы туулган Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну башкарып бара жаткандыгы белгилүү болгон.

Транспорт каражаттарын текшерүү учурунда белгисиз сапаттагы 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жүк Кыргыз Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн аткезчилик жол менен ташылып келгендиги жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин органдарынан тиешелүү сертификат алынбагандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча "аткезчилик" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patiydin
2018-08-14 15:11:27
Энесинин тоюн корсоткуло. Кордунго эмне кылып жатат тажиктер.
0
BarsBaatyr
2018-08-14 15:23:29
Булардын ою бажы төлөмдөрүн өндүрүү.А сапаты жөнүндө бирөө ойлондубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан