ЭЛДИК КАБАР: "Нарындагы Кара-Чий айылында ичүүчү суу жок. Тиешелүү тараптан келип убада беришкен, бирок аткарылган жок" дейт окурман

Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында ичүүчү суу жок, аны чыгаруу аракеттери да болбой жатат. Мындай билдирүү менен окурман "Элдик кабарга" кайрылды.

"Айылда ичүүчү суу мен эс тарткандан бери эле жок" деди окурман. Ал билдиргендей, жергиликтүүлөр бул боюнча нааразычылыгын айтып чыгышканда, жалпыга маалымдоо каражаттары аралашкан.

"Ошондон көп өтпөй тиешелүү тараптан келип суу чыгарабыз деп түтүктөрдү орнотуу үчүн казуу иштери башталган. Бирок кайра эле жумуш токтоп калды. Тийиштүү жерлерге кайрыла берип чарчадык. Эл мүрзөнүн жанынан аккан каналдан суу алып ичебиз, канча тазалаганы менен ал сууну балыр басып кетмей жайы бар. Түшкүсүн мал да ошол арыктан суу ичет, балдар сууга киринет. Ошондуктан сууну таңга жуук алууга туура келет, албай калсак такыр эле булганган суу ичүүгө дуушар болобуз. Каналдагы суудан кара-чийликтер кандай илдеттерге туш болот ким билет? Мындай нерсенин алдын алуу керек. Айыл башчыдан сурасак жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн жумуштун токтоп турганын билдирди. Өкмөт бир жылда бир нече айылдарды таза суу менен камсыз кылабыз деп сөз берет, андай долбоорго биздин айыл эмненин негизинде илинбейт?" - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан