Орусияда Кыргыз жараны өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын отвёртка менен сайып өлтүргөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга таянсак, 18 жаштагы кыз 2018-жылдын июнь айында Пермь шаарында үй шартында көз жарган. Ымыркай тирүү жана жакшы абалда төрөлгөн. Бирок кыз өзүнүн никесиз төрөгөндүгүн жашыруу үчүн отвёртка менен бир нече жолу баланы сайып салган. Алган жаракатынан улам ымыркай окуя болгон жерден чарчап калган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Азыркы тапта иликтөө бүтүп, иш сотко өткөрүлүп берилген. Жергиликтүү мыйзам боюнча, баласын өлтүргөн эне 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.