Японияда 3 айдын ичинде катуу ысыктан 144 адам көз жумду

Японияда май айынын башынан бери катуу ысыктан 144 адам көз жумуп, 70тен ашык адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Япониянын "Тез жардам" кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта белгиленгендей, өлкө боюнча катуу ысыктан жабыр тарткандардын саны күн санап көбөйүүдө. 6-августтан бери 6 адам көз жумса, 7 миң 79 адамдын башына күн өтүп ооруканага жеткирилген. Абанын температурасы 40 градустан ашып жаткандыгы тууралуу маалыматтар өлкөнүн туш тарабынан келип жаткандыгын башкармалык билдирген.

Япониянын Фукуока жана Хиросима шаарларында бүгүн, 14-августта абанын температурасы 37 градуска жеткен. Башка шаарларда да аба ырайы ысык экендиги жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан