Италияда унаалар өтүүчү көпүрө урап түшүп, ондогон адам каза болду (сүрөт)

Италиянын түндүк тарабында жайгашкан Генуя шаарында акы төлөнүүчү унаа магистралы өткөн көпүрө урап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, бийиктиги 50 метрге жеткен "Моранди" көпүрөсү темир жол жана турак үйлөрдүн үстүндө жайгашкан. Жарыяланган сүрөттөрдө жана видеолордо көрүнүп тургандай, көпүрөнүн борбордук бөлүгү урап түшкөн.

Шаардык "Тез жардам" кызматынын башчысы билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинен ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Азыркы тапта кырсыктын себептери такталууда. Жергиликтүү жашоочулардын билдиргенине ылайык көпүрөнүн тирөөчтөрүндө оңдоп-түзөө иштери байма-бай жүргүзүлүп турган.

Учурда темир жол каттамдары токтотулуп, унаа жолдору жабылып калган. Ондогон унаалар көпүрөгө бара жаткан тоннелдерде тыгында калып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2018-08-14 22:34:18
Супер инфо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан