Жалал-Абадда акча алмаштыруучу жайда иштеген тургунду тонош үчүн таанышы 3 жерине бычак сайып өлтүргөн

Жалал-Абадда акча алмаштыруучу жайда иштеген тургунду таанышы бычактап кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИББинин маалымат кызматы билдирди.

"5-августта саат 14:00дө Жалал-Абад шаарынын кире беришинде унаада каза болгон киши тууралуу милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Чакыруу болгон жерге барган милиция кызматкерлери Toyota Auris үлгүсүндөгү унаадан айдоочунун жансыз денесин табышкан. Каза болгон жаран 50 жаштагы Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруучу жайда иштеген жергиликтүү тургун экендиги аныкталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон жаран Кара-Суу районунан акча алып келе жатканда аны таанышы токтотуп, Жалал-Абадга чейин ала кетүүсүн өтүнгөн. Жалал-Абад шаарынын кире беришине келгенде таанышы ага кол салып, 3 ирет бычак менен сайып жиберген. Айдоочу каршылык көрсөтүп жатып жол четиндеги мамыны сүзүп алган. Мындан пайдаланган таанышы "экинчи бирөөлөрдүн аялы менен жолуксаң сага жаман болот" деген кат таштап, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Белгилүү болгондой, ал таанышын тонош үчүн өлтүргөн. Ал эми катты тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу үчүн жазган.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип 36 жаштагы Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Suzak12
2018-08-14 19:45:57
Эх адамдар эмне болуп баратабыз,акчан болсо да болбосо да проблема азыркы жашоодо.
+2
Umakg
2018-08-14 20:03:34
5-августь уктум эле озбек киши болчу билишимче...
0
madina.87
2018-08-14 23:44:20
Акча алмаштыруу жайларда жалаң өзбек туугандар иштешет.Бейишин берсин Аллах
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан