ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын жок экени жол кырсыктарын жаратууда" дейт окурман

"Бишкектеги Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын жок экени жол кырсыктарын жаратууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтымына караганда, Орозбеков көчөсү менен каттаган маршруттук таксилердин жүргүнчүлөрү кыйналууда.

"Күндүн ысыгында жол тыгындары жүргүнчүлөрдү кыйнады. Орозбеков-Васильев жана Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол чырак жок. Мындан улам ал жакта жол кырсыктары көп катталат. Бүгүн да 2 унаа сүзүштү. Тийиштүү тараптар бул маселеге өз убагында көңүл бурбаса адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталбайт деп ким кепилдик бере алат?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidinaernur
2018-08-14 19:41:04
Орозбекова ачылып жол чырак коюлбаганы жаман болуптур
0
kentavr
2018-08-15 00:31:27
aidinaernur, жаман болот да эрежени билбегендер Орозбеков көчөсүн негизги жол деп адыраңдап айдап жатышса, жол чырак керек Орозбеков/Шербаков, Орозбеков/Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан