15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Бул тууралуу анын атасы Орозбек Түгөлбаев маалымдады.
Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн. Алгач радиодо ди-джей катары таанылып баштаган. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды жана “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген.
Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган.
Анын артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Салтанат Саматованын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.