Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөттөрү өткөндөн кийин рейд жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо жай, короо жай алдындагы бак чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.
Эскерте кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак жай, батир жана жер салыктарын 2-сентябрына чейин төлөө зарыл. Салык кызматы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөгөн жарандарды табуу боюнча рейд жүргүзүлүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдыра турганын эскертет.
Ошону менен бирге салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи. Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, төлөм терминалдарынан, интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот.