Нарын облусунун Кочкор районунда 2 адамдын өмүрүн алган 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Калыс Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 14-август күнү саат 15:00 чамасында Кочкор районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жаткан Ауди үлгүсүндөгү унаа комбайнды сүзгөн. Кырсык катталган жерге Вольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп, анын ичиндеги жарандар кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп башташкан. Ал учурда Мерседес Бенц унаасы келип Аудини жана жардам көрсөтүп жаткан адамдардын бирин сүзгөн. Натыйжада жардам көрсөтүп жаткан адам жана Аудинин ичиндеги 1 жүргүнчү каза болгон. Ал эми жабыр тарткан 2 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.