Бүгүн, 15-августта белгилүү америкалык актриса Женнифер Лоуренс 28 жашка толду. Ал 1990-жылы 15-августта АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилле шаарында жарыкка келген. Болочоктогу жылдыз карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Өзүнөн улуу Бэн жана Блэйн аттуу агалары бар. Анын атасы үй куруучу болсо, апасы жаш балдар эс алуучу лагерде иштеген. Ата-энеси кызынын актрисалык шыгын байкаганы менен, ага эч кандай жардам бере алышкан эмес.
Тырышчаак Женнифер 14 жашында үй-бүлөсүнүн каршылыгына карабай "өз тагдырымды өзүм чечем" деп Нью-Йоркко жалгыз барып, ар кайсы киностудиялардын эшигин каккылай баштайт. Айтканынан кайтпаган таланттуу кыз мектепти эки жыл эрте аяктап, келечегине билек түрө киришет. Женнифер "Монк детектив" аттуу сериалга тартылганда 16 жашка толо элек болчу. Эки жыл өтпөй "Жалындаган түзөң" ("Пылающая равнина") аттуу көркөм тасмага тартылган соң элге келечеги бар актриса катары таанылган. Ал тартылган кандай гана тасма болбосун киносынчылар анын ишинен кынтык таба алышкан эмес. Жаштайынан Женнифер Лоуренс мырзалардай күчтүү, алдыга койгон максатынан тайбаган, атаандаштыктан сынбаган мүнөзгө ээ. Ага атактуулуктун өзгөчө даамын таттырган "Ачкачылык оюндары" тасмасындагы баш каармандын ролу болгон. бул роль үчүн актриса атаандаштарын басып өткөн. Аталган романдын автору Женниферди көргөн соң анын өзүнө ишенген көз карашын, дене түзүлүшүн жактырып, "башка эч бир актрисанын тартылышын каалабайм" деген пикирин билгизген. Себеби актриса чыгармадагы Китнисс Эвердинге өтө окшош эле. Тасма үчүн актриса бир нече ай машыгуучу залдан чыккан эмес, бирок эң чоң курмандыгы деп сары чачын кара түскө боёгонун айтат.
Женнифер Доупенс кино дүйнөсүнө келгенден бери анын бир гана жигит менен болгон мамилеси белгилүү. Актёр Николас Холтту эл бир нече жылдан бери актрисанын сүйүктүүсү катары билишет. Экөөнүн сүйүү мамилеси 2011-жылы "Икс адамдар. Биринчи класс" ("Люди Икс. Первый класс") тасмасы тартылып жаткан учурда башталган. Анда Женнифер дайыма кубулуп турчу Мистик аттуу кыздын образында болсо, жигити Хэнк Маккой аттуу жырткычтын ролун жараткан.
2013-жылдын башында экөө эки башка жолго түшүшөт. Мындан кийин эле актрисанын актёр Брэдли Купер менен мамилеси бар экен деген ушактар тарайт. Мындай кеп алардын "Менин жигитим жинди" ("Мой парень псих") аттуу тасмада сүйүшкөндөрдүн образын жаратышканынан улам келип чыккан. Бирок Брэдли: "Женнифер менин оюмдагыдай айым. Бирок ал менин кызымдай куракта. Мендей карыган мырза ага түгөй эмес" деп болгон ушактарга чекит койгон. Ошол эле жылдын этегинде актриса жигити Николас менен мамилесин түзөп, "мен сүйүүдө туруктуумун жана аны далилдедим" деген. Ал эми 2016-жылдын сентябрь айында актриса режиссёр Даррен Аронофски менен "Апа" фильмине тартылуу учурунда таанышып, экөө мамиле түзгөн. Бирок 2017-жылы эки башка жолду тандап, ортодо достук мамилесин сактап калышкан.
Актриса тууралуу кызыктуу маалыматтар:
-
Сологойлугунан улам тасмага тартылуу учурунда көп кыйналат.

- "Икс адамдар. Биринчи класс" тасмасындагы Мистиктин образы үчүн "2011-жылдын мыкты өзгөрүүсү" деген сыйлыкка татыган.
-
"People" журналы 2013-жылдын эсебинен актрисага дүйнөдөгү эң сулуу адамдардын тизмесинен 6-орунду ыйгарышса, ошол эле жылы эркектер арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгында эркектердин табитиндеги №1-айым аталган.
- 2013-жылы Женнифер "Алтын глобус" жана "Оскар" сыйлыктарынын эң жаш ээлеринин бири болгон.

-
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде актриса сахнага чыкканча бир нече ирет кулаган. Айрымдар аны мас деп ойлошкон. Ал эми Женнифер Лоуренс көйнөгү ыңгайсыз болуп жана сүрдөнгөнүнөн улам да кулаганын айтат.
-
"Голливудда чырсыз жашоо мүмкүн эмес" демекчи, актрисанын компьютериндеги жылаңач сүрөттөрү элге тарап кетип, анын айынан талкууга алынган.

- "Ачкачылык оюндары" ("Голодные игры") тасмасындагы баш каармандардын үңкүрдө өбүшкөн эпизоду "2013-жылдын эң назик өбүшүүсү" деп аталган.
15-августтун жылнаамасы.