Кырчын жайлоосунда казактын сууруп салма акындары менен айтыша турган кыргыз төкмөлөрү тандалды (тизме)

Бүгүн, 15-августта "Манас" кинотеатрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагына тандоо туру орун алды.

Аталган сынакка катышуу үчүн келген акындардын саны 32ге жетти. Алар чүчү кулак тартышып 16 жупка бөлүндү. Бул ирет айтышка катышкандардын арасында аймактан келген жаш акындардын саны көп болду. Ошондой эле кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болуп калган Идирис Айтибаев, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Кубат Тукешовдор катышты.

Төкмөлөрдүн чечендик өнөрүнө, ырларынын уйкаштыгына маанилүүлүгүнө куудул Күмөндөр Абылов, жазуучулар Кыялбек Урманбетов, Акбар Рыскулов, манасчы Рыспай Исаков баш болгон калыстар тобу саресеп салып, өз бааларын берип отурушту.

Ар бир жупка айтышуу үчүн 10 мүнөт убакыт берилди. Бул убакыт ичинде акындар эл менен амандашып, азыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан көйгөйлөрдү көзү менен көрүп, көөдөнү менен туюп ырдаганга жетишти. Ошондой эле акындар көчмөн кыргыздын тарыхынын таасын учурларын айтып өтүштү.

Жыйынтыгында 32 акындын ичинен 8 акын иргелип чыкты. Алар:

1. Асылбек Маратов - 80 упай;

2. Кубат Тукешов - 80 упай;

3. Баян Акматов - 78 упай;

4. Идирис Айтибаев - 77 упай;

5. Жылдызбек Төрөканов - 77 упай;

6. Амантай Кутманалиев - 76 упай;

7. Азамат Болгонбаев - 76 упай;

8. Изат Айдаркулова - 76 упай.

Асылбек Маратов "Төгүшөм деген акынга менин төрөгалыгым чоң тема"
Баян Акматов "Мен сени сүйөм айтыш"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Muslim_KGstana.
2018-08-15 16:43:11
Кана Женишбек,Аалы,Элмирбек байкелер?
+15
Kanat.tls
2018-08-15 16:44:19
Тутукучов жокко
+14
bond02
2018-08-15 17:31:28
Kanat.tls,андай фамилия жок.
+1
salimbek87.kg
2018-08-15 17:35:12
Аалы акын менен Элмирбек акын болгондо баарын жайлайт эле казак акындардын.
+10
salimbek87.kg
2018-08-15 17:36:09
Кубат Тукешев да күчтүү акын ийгилик
+2
Tolkun555
2018-08-15 19:01:20
Аалы менен Элмирбек керек эле
+3
Aikaaaa
2018-08-15 22:16:30
Кыйын, мурунку төкмөлөрүбүз эмнеге барган эмес. Мурункулардан А. Кутманалиев менен А. Болгонбаев эле го
+1
Taku.14.02
2018-08-15 22:53:44
азамат менен амантайдын ордуна болот же Жылдызбек туратты кошпойт беле
0
madina.87
2018-08-15 23:50:14
Амантай Күтманалиев эс алса болмок ,ХХХ ,жаштар менен сахна талашпай.
-4
admin_media
2018-08-16 11:18:34
madina.87, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүго тыюу салынган. Эскертүү!
0
K.peri96
2018-08-16 02:33:22
Turatty katywtyrsa bolmoooook
0
surgeon777
2018-08-16 10:19:51
Аалы Туткучевдин катышпаганы жаман болуптур...
+1
Дарыгер
2018-08-16 11:52:18
Комиссияга акындардан койсо болбойт беле. Ар Бир тармактын озунун адистери комиссии болсо жакшы болмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан