Интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчисине 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.
"Соттолуучу А.Д.Ч. мыйзамсыз түрдө порнографиялык маанайдагы видеолорду тарткандыгы үчүн айып тагылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу чечими менен үй камагына чыгарылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү студия ачып, ал жакта жаш кыздарды иштетип жүргөндүгү аныкталган.
Мындан сырткары студиядан бир нече компьютер, интимдик буюмдар жана видео материалдар табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында табылган видеолордун сюжетинде эч кандай илимий же көркөм баалуулуктар жок экендиги жана бир гана порнографиялык маанайда экендиги аныкталды.
Айыпталуучу А.Д.Ч. кылмышын толугу менен моюнуна алып, жасаган иштери үчүн өкүнүп жаткандыгын билдирип, соттон жазасын жеңилдетүүнү суранды. Мунун негизинде сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, мамлекеттик казынага 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын өндүрүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Бишкекте интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн 30 кыз иштеген студиянын жетекчиси кармалган. Кармалган кыздар түшүнүк каттын негизинде коё берилип, жетекчисине кылмыш иши козголгон. 8-майда студиянын жетекчиси да өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулган.