Бүгүн, 15-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Малайзия курамасынан жеңилип калды.
Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде Кыргыз курама командасы алгачкы беттеште Малайзияга каршы ойноду.
Беттештин жүрүшүндө эсеп санын малайзиялык футболчулар ачып, Кыргыз футболчулар 54-мүнөттө жооп бере алды. Анда Эрнист Батырканов Мустафа Юсуповдун чыгарып берүүсүнөн кийин айырмаланганга жетишти. Мындан улам Малайзия курамасынын оюнчулары дагы 2 гол киргизгенге жетишип, 1:3 эсеби менен жеңишке ээ болушту.
Кыргыз олимпиадалык курама командасы кийинки беттешин 17-августта Бахрейн курамасына каршы өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.