АКШ-Түркия: "Экономикалык согуштун" себепчилери ислам жана христиан аалымдарыбы?

Түркияда лиранын куну түшүп, рекорддук деңгээлде арзандады. Жыл башында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлдү. Буга АКШнын Түркиядан алынып келүүчү болот менен алюминийге карата салыкты жогорулатканы себеп болгон. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын бул кадамын "экономикалык согуш" деп атап, жарандарын доллар менен евродон баш тартууга чакырды. АКШ менен Түркиянын мамилесинин бузулушуна эмне себеп болду? "Экономикалык согуштун" төркүнү кайда жатат? Бул кырдаалга Орусиянын тиешеси барбы? Окуя алдыда кантип өнүгөт деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Трамптын Эрдоганга жолдогон "санкциялуу саламы"

АКШнын президенти Дональд Трамп 10-августта социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Түркиядан алынып келинүүчү болот менен алюминийге карата санкция жарыяланганын жазып чыкты. "Биз Түркиядан АКШга алып келинчү болот менен алюминийге карата санкция жарыяладык. Эми алардын лирасы биздин кубаттуу долларыбызга карата ылдам күчүн жоготот. Алюминийге болгон салык 20 пайызга, болотко болгон салык 50 пайызга көтөрүлөт. Биздин азыр Түркия менен мамилебиз жакшы эмес", - деп жазган ал. 13-августта аталган буйрук күчүнө кирди. Бирок эксперттер Трамп айткан "жакшы эмес мамиле" эмне үчүн келип чыкканын бир нече себептер менен байланыштырууда.

"Экономикалык согуштун" негизги себепчиси Фетхуллах Гүленби?

Түркияда 2016-жылы болгон аскердик төңкөрүш аракетине бийлик АКШда баш калкалап жүргөн түрк дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптайт. Бирок ал бул айыпты четке кагып келе жатат. Түрк бийлиги аталган куралдуу кагылышууга тиешеси бар деп 2 жыл ичинде 60 миңдей адамды камакка алган. Ошондон кийин ислам аалымы Фетхуллах Гүлен түптөгөн эл аралык "Кызмат" уюму аталган өлкөдө "террористтик" деп таанылган. Аскердик төңкөрүш аракетинен кийин америкалык пастор (христиан дин кызматкери) Эндрю Брансон жана анын аялы 2016-жылдын аягында камакка алынган. Түрк прокуратурасы Брансонго "Гүлен менен байланышта болуп, батыштан каражат алып турган жана тыңчылык милдетти аткарган" деп айып таккан. Ошондой эле күрддөрдүн арасында христиан кыймылын түзүүгө аракет кылган деп шектелген. Түркия өткөн жылдын күз айында Брансонду Гүленге алмаштыруу сунушу менен АКШга кайрылган. Бирок бул сунуш кабыл алынган эмес.

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен.

АКШнын "баалуу" Брансону

Трамп Брансон боюнча биринчи жолу ушул жылдын апрель айында пикир билдирген. "Ал жакшы адам, христиан лидери. Учурда Түркияда эч кандай себепсиз кармалып турат. Анын үй-бүлөсү менен бирге болушун каалайм", - деп билдирген ал. Андан кийин да бир топ АКШнын аткаминерлери Брансонду коё берүү боюнча талаптарын айткан. Түркиянын соту 2018-жылдын июлунда Брансонду үй камагына чыгарган. Бирок эркиндикке чыгаруу талабы дале ишке ашпай келет.

1-августта АКШнын Каржы министрлиги Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен юстиция министри Абдулхамит Гүлгө санкция жарыялаган. Ага ылайык, аталган эки жаранга тийиштүү АКШда жайгашкан мүлктөрдү сатууга жана алмаштырууга тыюу салынып, америкалыктар алар менен мамиле кылуу укугунан ажыратылган. Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазышына караганда, АКШ бийлигинин бул маселеге аралашуусуна алдыда болчу Конгресстик шайлоо себеп болууда. "Саясатчылар Брансон маселесин козгоо менен христиан коомчулугун өздөрүнө караткысы келип жатат" деп жазышкан ЖМКлар.

Эндрю Брансон

АКШнын санкциясына Түркия да "санкция" менен жооп берди

"Алардын доллары болсо, бизде элибиз менен чындык бар. Алла да биз менен". Бул сөздү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган лиранын куну түшүүсүнө байланыштуу эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Ал АКШ мындай мамилесин улантса, Түрк бийлиги башка өнөктөш издөөгө мажбур болорун кошумчалаган. "Жаздыгыбыздын алдына басып жаткан доллар, евро жана алтындарды чыгаргыла. Банкка алып барып, Түрк лирасына алмаштыргыла. Бул түрк элинин "экономикалык согуш" жарыялагандарга карата жасаган жообу болот", - деп элине кайрылды ал. Андан сырткары Эрдоган Түрк жарандарын АКШнын электроникаларын колдонбоого чакырып, Трампка оозеки "санкция" менен жооп берди.

Эрдоган ушул жылдын июнунда Түркияда мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, бийлик башына келген. 2017-жылдагы референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизилип, президент бир эле учурда өлкө башчысы дагы, өкмөт башчысы дагы болуу мүмкүнчүлүгүн алган. Башкача айтканда, Эрдогандын колуна бир топ ыйгарым укуктар берилген.

Эксперт: "АКШ Эрдогандын Түркия президенти болуп турушун каалабайт"

АКШ менен Түркиянын ортосундагы "экономикалык согушту" эксперттер түрдүүчө чечмелешүүдө. Көпчүлүк саясий серепчилер АКШ Түркиянын ишениминен чыкты деп баалашса, айрымдары мунун артында башка саясий маселелер турат дешүүдө. Анда эмесе, серепчилердин пикирине көз чаптыралы.

Владимир Брутер.Молдавиялык эксперт Владимир Брутер: "Албетте, АКШ Түркияны аталган аймактагы стратегиялык өнөктөшү катары карап келген. Бирок азыр абал мындай эмес. Учурда Түркия АКШдан ажыралганы менен, Вашингтон Стамбулдун дүйнөлүк маанилүү маселелерде өзүнчө пикирде болуп калышынан чочулоодо".

Владимир Васильев.АКШ менен Канада институтунун башкы илимий кызматкери Владимир Васильев: "Эрдоган 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин АКШга анча ишенбей калган. Ошондой эле Трамптын администрациясы сууган мамилени жакшыртууга аракет да кылган жок. Эрдогандын кадамы Түрк саясатынын багыты батыш өлкөлөрүнөн башка тарапка бурулганынан кабар берет. Ал батыштын жардам беришине ишенбейт. АКШ да, Европа да Эрдоганды Түркиянын президенти кызмат ордунан көрүүнү каалабайт. Ушул адат мындан ары да улана берет".

Тим Эш.Аналитик Тим Эш: "Мындай учурда Кытай Түркияга жардам бере албайт. Катар болсо Перс кысыгындагы өлкөлөрдүн кысымы астында тургандыгы үчүн батыштагы өнөктөштөрүнөн кол жуугусу келбейт. Ал эми Орусия өзү да АКШнын санкцияларынан алсырап турат. Аларда Түркияга жардам бергидей каражат жок".

Константин Блохин.Орусиялык эксперт Константин Блохин: "Мындай саясат АКШнын кадамдарына нааразы болуп жаткан тараптардын кызматташуусуна себеп болот. Биз Орусия, Кытай жана Ирандын кызматташтыгынын күчөп жатканын көрүүдөбүз. Бул биримдикке Түркия да кошулат деп ойлойм".

Дагы башка эксперттердин пикиринде, АКШ менен Түркиянын мамилесинин начарлашына Гүлен менен Брансондун маселесинен башка да бир топ себептер бар. Алар: Сирия көйгөйү, Ирандын ядролук программасы, Түркиянын Орусиядан куралдарды сатып алуу фактылары жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bekturbek
2018-08-15 20:15:23
Түркия,Орусия менен бирге иш алып баратат,жана булар АКШны жок кылабыз деген планы бар.Кытай,Орусия,Индия, Түркия,Иран булардын оюу АКШны,$жок кылыш.Калганын убакыт көрсөтөт!
0
bek_tash
2018-08-15 20:37:26
АКШны тынч океанга чөктүрүп салыш керк, ошондо дүйнө тынчыйт.
+3
bond02
2018-08-15 21:50:16
АКШ байлыгы менен дуйнону чайкап жатат да.
+5
zhaku2017
2018-08-15 23:58:59
Санкиянын айынан кыргыз мигранттары Туркияда кыйналып кетишти. Турциянын колунан эч нерсе келбейт. Эми кризис турцияда башталат. Керек болсо Турцияда согуш чыгып кетиши мумкун.
+3
JOM
2018-08-16 19:33:50
АКШ нын тышкы палитикасы жаман.ички тынч эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан