Акыркы 7 айда өрт кырсыгынан 36 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жыл башынан бери 2 215 өрт кырсыгы катталып, андан 36 адам каза болгон. Ал эми куткаруучулар өрттөн 43 адамды куткарышкан.
ӨКМнын өкүлү Равшанбек Ашырбековдун айтымында, өрттүн негизги себептери электр жабдууларын, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуу, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, балдардын от менен ойноосу. Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болуп, саны 690го жеткен. Ал эми Бишкек шаарында - 408, Ош облусунда - 261, Жалал-Абад облусунда - 280, Ысык-Көл облусунда - 182, Баткен облусунда - 95.