Коомчулукка алтын сырттуу iPhone XS көрсөтүлдү

Британиялык компания алтын тыштуу iPhone 2018 чыгарды. Бул тууралуу AppleInsider билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, уюлдук телефондордун сыртын жасалгалоо менен алек болгон компания iPhone 2018 чыгарды. Бул телефондорду кооздоочу компаниянын Apple`ге эч кандай тиешеси жок.
Телефондун сырты алтындан жасалган. Артында Apple`дын жана Billionaire Solid Gold edition`дун логотиптери түшүрүлгөн. Аппарат бир версияда жарык көрүп 356 гигабайт эс-тутумга ээ. Смартфондун баасы 113 миң долларга жетет. Ал телефондун жөнөкөй версиясынан 100 эсе кымбат.
Ал Apple өзүнүн жаңы версиядагы айфондорун коомчулукка сентябрь айында тартуулайт. Бул ирет компания дароо 3 үлгүдөгү телефондорду көрсөтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek_tash
2018-08-16 10:26:22
113 000 $
0
nukura_jigit
2018-08-16 10:44:17
Менин мынча акчам болгондо Оштон 4 уй сатып алат элем.
1 жумадан бери квартира издеп надоел чыкты
+10
Dembele84
2018-08-16 11:26:23
Ушуну да алат эми,баягы акчасын каяка коротушту билбеген миллионерлер.Бизге окшогондор баш чайкаган боюнча калып кете беребиз )))
+2
Sezimka27
2018-08-16 11:50:33
бизда ушундай телефон алатуран кун келеер
0
altyn7776
2018-08-16 12:29:43
Ар нерсе оюнарга жараша болот, жакшы максат коздоп, ошонун устундо талыкпай иштеп турсанар жон эле аласынар мындай телефондорду
0
bond02
2018-08-16 12:43:42
Бизге тиешеси жок экен.
+4
Rasul94
2018-08-16 12:59:06
Телефондун баары эле бирдей.ушул жагына деле шугур менин телефонум мисалы j2 ыраазы элемин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан