"Атлетико Мадрид" футболдук клубу "Реалды" жеңип УЕФАнын Суперкубогун утуп алды

16-августка караган түнү Эстониянын Таллин шаарында футбол боюнча УЕФАнын Суперкубогу орун алды. Анда "А Ле Кок Арена" стадионунда Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Реал Мадрид" жана Европа Лигасынын жеңүүчүсү "Атлетико Мадрид" командалары кез келишти.

Беттештин алгачкы мүнөтүндө эле "Атлетиконун" футболчулары эсеп санын ачканга жетишти. Анда Диего Коста коргоочулар Рафаэль Варан менен Серхио Рамосту алдап өтүп таамай соккусу менен Кейлор Наваска тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок. "Реалдын" оюнчулары 27-мүнөттө гана жооп бере алды. Анда Гарет Бэйл сол канаттан айып аянтчага көтөрүп, аны Бензема башы менен дарбазага багыттап, эсеп санын тең кылды. 63-мүнөттө "Атлетиконун" коргоочулары ката кетирип, "Реалга" пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди. Аны "Реалдын" капитаны Серхио Рамос ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:1 кылды. 79-мүнөттө Диего Коста кайрадан айырмаланып эсепти теңеди. Муну менен беттештин негизги убактысы бүтүп, командалар кошумча 2 тайм ойношту. Анын жүрүшүндө алгач Сауль Ньигес айырмаланса, 105-мүнөттө Коке гол киргизгенге үлгүрдү.

Муну менен "Атлетико Мадрид" командасы 2:4 эсеби менен жеңишке ээ болуп, УЕФАнын Суперкубогун утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Meni_unut
2018-08-16 13:37:12
Роналдонун жоктугу биринчи оюнда эле билинди го
0
Dembele84
2018-08-16 13:50:59
Meni_unut,Роналду барында деле Атлетикону постоянно женип жургон эмес.Атлетико Реал менен дайыма тен тайлашып оюн корсотот.
-4
Rasul94
2018-08-16 13:52:36
Жинди ойноп койду .АМ.
Кыскартып жаздым админ
-3
Dembele84
2018-08-16 15:19:23
Rasul94,жок сен атайылап уят соз жазыпсын )))
+1
Rasul94
2018-08-16 16:11:00
Dembele84,Эми унчукпай эле
койчу дембеле
-2
FCB14
2018-08-16 14:17:45
Барселона АТМ РМ да тизе буктурот
0
Azat.97
2018-08-16 15:37:20
FCB14,Сен учун буктуро берет.Ромага эле озунор бугуп калбадынар беле
-4
FCB14
2018-08-16 16:20:27
Azat.97,Зато реалды айрыйт
+2
Taku.14.02
2018-08-16 21:54:54
FCB14,реалды айрыганы эмне пайда лиганы жене албайт . аа реал 5 жылда 4 жолу женди
0
nemo2016
2018-08-16 18:02:34
Атлетико жырттыго
+5
monster_high_98
2018-08-16 18:41:36
Реал фанаттары Рон болсо женмек деп актанбагылачы эми!
+1
Dembele84
2018-08-16 19:09:38
Реал акыркы 5 финалда 3ун именно Атлетикого уттурду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан