Германияда үчүнчү жыныс мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган мыйзам долбоорун Бундестаг (парламент) колдоого алса, анда жарандардын абалын каттоо документине үчүнчү жыныс кошулат.
"Жаңы мыйзамга ылайык, "эркек", "аял" жана "интерсексуалдуу" деген жыныс аталыштары киргизилет. Азырынча өкмөт демилгени кабыл алды. Алдыда аны Германия парламенти карашы керек. Аталган демилгени 2018-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алуу каралган. Статистикалык маалыматтарга караганда, Германияда 80 миңдин тегерегинде интерсексуалдар жашайт", - деп жазышат басылмалар.
Үчүнчү жынысты каттоого уруксат берген өлкөлөрдүн катарына Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ, Канада, Индия, Пакистан жана Непал кирет.
Интерсексуал - бул эркектин да, аялдын да белгилерин алып жүргөн адам. Аны кайсы бир жыныска кошуу кыйынчылыкты жаратат. Мындай топтогу адамдар дүйнө калкынын 1,7 пайызын түзөт.