Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: "Азыркы өкмөттүн программасы түшүнүксүз"

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Анын пикиринде, азыркы өкмөт катарына күчтүү экономисттерди тартышы зарыл.

"Азыркы өкмөттүн программасы түшүнүксүз болуп жатат. Иштегенине 5 ай болду, бирок премьер-министр катары кандай иш-чараларды өткөрө турганы, өлкө үчүн кандай маанилүү стратегиялары бар экени белгисиз болууда. Убакыт өтүп жатат, бирок өкмөт тарабынан бир да олуттуу иш-чара аткарылган жок.

Премьер-министрдин тагдырын Жогорку Кеңеш күзүндө чечип берүүсү керек. Азыр чечкиндүү кадам жасашпаса, кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Өкмөт башка жактан каражат издеп, бюджетти толтуруунун ордуна элдин капчыгына көз артканы алардын алсыздыгын көрсөттү. Өкмөттүн "сууга болгон бааны кымбаттатабыз, салыкты 2,5 эсеге көтөрөбүз, ар бир телефондон 100 сомдон алуу керек" деген сунуштары элди нааразы кылды. Өкмөт отставкага кетиши толук мүмкүн. Премьер-министр күзүндө өкмөттүн структурасын өзгөртөм деген. Экономика боюнча күчтүү адистерди алып келбесе, тарыхта эң алсыз өкмөт катары калат", - деди Нурсултан Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Качкын Булатов жана коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан