Бийликти басып алууга айыпталып камалган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.
Анын айтымында, Асанов менен Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечими менен бүгүнкү күнгө чейин тааныша элек.
"Мыйзамга ылайык Жогорку Соттун чечими ЖАМКнын комиссиясына расмий жолдор аркылуу жетиши керек болчу, бирок бүгүнкү күнгө чейин соттун чечими менен алар тааныша элек. Соттор мыйзамды өздөрү бузуп жатышат. Ошондуктан Асанов менен Кадыров ачкачылык жарыялашты", - деди Зульфия Марат.
2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.
Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.
2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.