Бүгүн, 17-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жеринде кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилген жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге тагылган айыпты өзгөртүү боюнча Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө сунуш түшкөн эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Жакында жактоочу Нурбек Токтакунов Казакстандын Баш прокуратурасы Тунгышбаевге тагылган 405-беренени 256-беренеге өзгөртүү сунушу менен Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына кайрылды деп жазып чыккан. Коӊшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 405-берене - экстремисттик уюмдун ишине катышуу, ал эми 256-берене - терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык жасоо. Айырмасы - 405-берене боюнча адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылса, 256-берене боюнча 12 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Эгер Казак прокуратурасы беренени өзгөртүүнү суранганы тууралуу кептин чындыгы бар болсо, алар Тунгышбаевди катаал жазалоону көздөп жатат.
Көӊүлдү бурганы - Тунгышбаев боюнча Кыргыз өлкөсү Казакстандын талабын четинен аткарып келе жатканы болууда. Жарандык активист май айында Бишкектен кармалып, 10 күндөн кийин Башкы прокуратура аны экстрадициялоо боюнча Казакстандын өтүнүчүн колдоого алды. Июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен Тунгышбаев өткөрүлүп берилди. Аны Казакстанга өткөрүп бербөө боюнча Тунгышбаевдин жакындары, укук коргоочулар Бишкекте бир нече жолу митинг өткөрүшүп, кайрылуу жасашып, бирок майнап чыккан жок. Мындай мамиле Кыргыз тарап Казакстандын кийинки талабын деле орундатышы мүмкүн экенинен кабар берет.
Эл аралык "Human Rights Watch" уюму Кыргыз өлкөсү БУУнун Кыйноолорго жана адамдарга карата жасалган мыкаачылык, кемсинтүү аракеттерине каршы конвенциясына, Качкындар макамы жөнүндө конвенцияга мүчө экенин эскертип, өмүрүнө коркунуч жаралып турган Тунгышбаевди өткөрүп берди деп сындап чыккан. Ал Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдойт деп күнөөлөнүп жатат. Бул кыймылды убагында Казак оппозиционери Мухтар Аблязов түзгөн. Кыргыз укук коргоочулары, эл аралык укук коргоо уюмдары Казак бийлиги Тунгышбаевди саясий мотивде куугунтуктап жатат деген пикирде. Ал Кишинёв конвенциясына ылайык, кайсы берене боюнча кармалып, өткөрүлүп берилсе, ошол берене менен гана тергөө, сот жүрүшү керек. Эгер Кыргыз тарап 405-беренени өзгөртүү сунушунан баш тартса, анда Казакстан Тунгышбаевди 256-берене боюнча жоопко тарта албайт. Ал эми "саясий мотивдеги куугунтук" деген жүйөнү Кыргыз бийлиги абдан жакшы түшүнөт. 8 жылдан бери Беларусь өлкөсү Бакиевдерди "саясий негиздеги куугунтук" деп Кыргызга өткөрүп бербей канатына калкалап жүрөт. Ал эми Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдар экстрадициялоого каршы чыккан адамды оӊой эле карматып жиберди...
Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Жакында Бишкектин мэрин алмаштыруу "операциясын" ийгиликтүү өткөрүп берген Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаевди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындады. Бул кызматты Досалы Эсеналиев аткарып келе жаткан эле.
Ушул жылы 27-февралда Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчысы кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, аны президент бир жумадан кийин аталган кызматтан кетирген. Ниязовдун ордуна учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди дайындаган. Апрель айында Абылгазиев өкмөт башчылыкка шайланып, андан бери президенттик аппараттын башчылыгы бош турган. Узак ойлонуудан кийин президент Эсеналиевдин талапкерлигине токтолду.
Интернет желесинде президенттик аппараттын башчысы болгондор же премьер-министр болот же жок болот деген тамаша-чыны аралаш сөз тарады. Убагында президенттик аппаратты жетектеген Кубанычбек Жумалиев, Данияр Үсөнов, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Мухамедкалый Абылгазиев премьер болушту. Ал эми Бакиевдин тушунда президенттик администрацияны жетектеген Медет Садыркулов киши колдуу болуп каза болсо, Атамбаев кызматтан кетерде президенттик аппаратты жетектеп турган Алмаз Үсөнов аталган кызматтан кеткенден бери саясат айдыңынан табышмактуу түрдө көрүнбөй кетти.
Досалы Эсеналиев Бакиевдин тушунда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы, президенттик администрациянын жетекчи орун басары, президенттик аппараттын Жогорку Кеңеш менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Апрель окуясынан кийин "Республика" партиясынын, 2014-жылдан кийин "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетин жетектесе, 2016-2018-жылдары "Кыргызпатенттин" башчысы болуп турду. Быйыл апрель айынан бери президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматында, президенттик аппараттын башчысынын милдетин аткарып, бирок бул кызматка негедир дайындалбай келе жаткан. Бишкек шаарынын башчылыгынан Албек Ибраимовду кетирип, жаңы мэрди шайлоо процесси Досалы Эсеналиевге "и.о." аталышынан арылууга мүмкүнчүлүк берди көрүнөт...
Журналист Уланбек Эгизбаев сууга чөккөн "Акун" пансионатынын жетекчилигине жана куткаруучуларына "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен кылмыш иши ачылды. Алдыда 2 айлык тергөө, андан ары соттук териштирүүлөр күтөт. ИИМдин билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгы Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун аныктады. Бул "журналист ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайсы бир адамдар тарабынан өлтүрүлдүбү?" деген суроону күн тартибинен алып салды. Ошентсе да журналистке көзү тирүү кезинде ар түрдүү коркутуулар болуп келгени, каза болордон бир нече күн мурда белгисиз даректен бош конверттер келгени тергөө учурунда жообу табылышы керек болгон суроолор бойдон калууда. ИИМдин өкүлдөрү алар боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтышты.
Экспертизанын жыйынтыгы Эгизбаев киши колдуу болуп көз жумган болушу мүмкүн деген жоромолду азайтканы менен бул окуянын өзү Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар коопсуздук эрежелерин күчөтүшү керек деген жыйынтыкка алып келди. Пансионат ээлери шалаакы мамиле кылбай, биринчи кезекте эс алуучуларга коопсуз шарт түзүп бериши керектигин, ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экотехинспекция өӊдүү жооптуу органдар талапты күчөтүшү керек деген коңгуроо болду...