Казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаев өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 26-июнда Тунгышбаев Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.
Муратбек Тунгышбаев Кыргыз жерине 2012-жылы келип Бириккен улуттар уюмунун өлкөдөгү качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу үчүн кайрылган. Казак бийлиги Тунгышбаев качкын оппозиционер Мухтар Аблязовду колдоорун, Кыргыз бийлигинен аны экстрадициялоону суранган. Активист ушул жылдын 10-майында Кыргыз жеринде кармалган.