Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Путин мындай пикирин Түндүк Кореянын Япониянын басымынан бошотулгандыгынын 73 жылдыгына карата жөнөткөн куттуктоосунда билдирген. "Эки тараптуу мамилени жана аймактык маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн сиз менен жакынкы убактарда жолугууга даярмын", - деп жазган Орусия президенти куттуктоосунда.

Путин жолугушуунун так мезгилин айткан эмес. Буга чейин Орусия Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын президенттерин сентябрь айында Владивостокто болчу экономикалык форумга чакырган. Бирок Ким Чен Ын бул боюнча жообун бере элек.

12-июнда Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп Сингапурда жолуккан. Анда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартуу маселеси жана Корей жарым аралындагы коопсуздук тууралуу сүйлөшүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан