Көк бөрү боюнча президенттин кубогу Бишкек шаарында 24-августта старт алат

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу Бишкек шаарында 24-августта старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы "Ак-Кула" ат майданында 24-30-август аралыгында көк бөрү боюнча президенттин кубогу жана ат оюндары өтөт.

Көк бөрү боюнча мелдеште Жогорку Лиганын командалары катышпайт. Анткени ал лиганын көп улакчылары улуттук курамга кирип Көчмөндөр оюндарына даярданууда. Ошондуктан аталган мелдеште Биринчи Лиганын 12 командасы катышат.

Ал эми ат оюндарынын алкагында ат чабыш (20 чакырым), тай чабыш (5 чакырым), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (9 чакырым), кунан жорго (5 чакырым) жана бышты жорго (7 чакырым) боюнча мелдештер өтөт.

Айта кетсек, 2017-жылы өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогун "Достук" командасы утуп алган.

Көк бөрү боюнча мелдешке катыша турган командалар:

"Келечек"

"Арашан"

"Четинди"

"Төш-Булак"

"Бакубат Талас"

"Сынташ"

"Алыкул"

"Бакай-Ата"

"Сокулук"

"Көк-Жал"

"Толкун"

"Сары-Өзөн-Рассвет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2018-08-17 17:40:58
Анан кайра эле кочмондордун олимпиадасы болуп калат го?. Же президент кубогуна Кыргызстан учун кытайлар ойноп калабы?
0
JOM
2018-08-17 19:22:31
rysik79,кыргызстанда 12 эле улакчы бар деп ойлойсунбу?
0
Talant_27
2018-08-17 17:52:02
Супер Инфо Командалар кайсы Аймактан тоолук жазчы сураныч????
0
TalaCSKA
2018-08-17 19:13:11
Супер билип бергилечи кочмондор ойунуна Казахстан курама командасы келеби кок бору бойунча?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан