Бүгүн, 30-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогуна арналган мелдеште "Биримдик" командасы 3-орунду камсыздады.
Аталган мелдештин 3-орунга болгон беттешинде "Биримдик" командасы "Арашан" командасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында "Биримдик" командасы 4:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Маалымдай кетсек, көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогунун финалында "Достук" командасы "Мурас" командасы менен беттешет.
"Биримдик" командасы жана минген аттары:
Эржан Тургунбаев - минген аты Туз;
Элдияр Шактарбеков - минген аты Байтур;
Тыныч Алыбаев - минген аты Герб;
Урмат Мусаев - минген аты Краз;
Фархат Бейшекеев - минген аты Рим;
Нурбек Жакыпбеков - минген аты Эрке-Тору;
Кубан Таалайбек уулу - минген аты Чагылган;
Улан Насакеев - минген аты Граф;
Азат Насыпбеков - минген аты Ай-Тумар;
Рамзат Бөкөмбаев - минген аты Капрал;
Нурбек Юсупов - минген аты Нур-Кашка;
Айбек Иманалиев - минген аты Телтору;
Машыктыруучу - Токторбек Ажыгулов.