Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: "Өз алдынча башкаруу системин күчөтүү керек"

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берди.

Ал өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу маселеси боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

"Бул маселени биринчи анализдеп чыгуу керек. Мамлекеттик географиялык түзүлүшү тыгыз эмес да. Райондор бири-биринен канчалык алыстыкта жайгашкан, ошону да эске алуу менен бир жыйынтыкка келишибиз зарыл.

Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп жатат. Мисалы, мурда облустук бюджеттер дагы бар болчу. Бүгүнкү күндө эки тепкичтик бюджет бар: республикалык жана жергиликтүү. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү деп аппарат түзүлгөн. Райондук акимдердин бюджети, көп укуктары деле жок экен, ушундай облустук башкаруунун кереги барбы деген суроо келип чыгат. Депутаттар тарабынан бир нече жолу бул маселе көтөрүлгөн. Облустарды жоюп, райондук администрацияларга функцияларды берип, өкмөттүн кээ бир ыйгарым укуктарын кеңейтип берүү керек. Алар өкмөт менен түз иштешсе жоопкерчилик бийик болор беле деген маселе талкууда.

Өз алдынча башкаруу системин күчөтүү абзел. Ошолорго чогулган салыктардын бир салмагы жергиликтүү бюджетте калып, алар өздөрүнүн маселелерин чечкендей болуш керек. Көптөгөн маселелерди республикалык бюджеттен чечкенге туура келип жатат. Айыл өкмөттөрдүн дареметин күчөтүп, өз алдынча иш алып бара турган деңгээлге алып келүү зарыл. Ошондо облустук органдар өзүнөн өзү жоюлат. Бирок өкмөттүн өкүлү катары мамлекеттик администрация катары райондук мамлекеттик администрациялар калыш керек. Райондо болуп жаткан иштерди райондук администрация жөнгө салуусу зарыл. 7 облустун аппараты кыскарса, албетте, алардын айлык маянасы, кетирген чыгымдары азаймак. Бул маселени дагы карап чыгыш кажет", - деди Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Анвар Артыков, Карамат Орозова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан