КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу керек деген пикирлер айтылууда. SUPER.KG порталы "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген собол салды.

БОКОЕВ: "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, мамлекеттик чыгымдар азаймак"

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөткө облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюуну эки-үч жылдан бери сунуштап жатканын айтты.

"Биринчи кезекте облустук УКМКны, облустук прокуратураны, облустук ички иштер башкармалыгын, облустук статистикалык комитетин жоюу зарыл. Мисалы, облустук статистикалык комитеттин кимге кереги бар?

Тогуз-Торо районундагылар кышында Жалал-Абадга чогулушка Нарын аркылуу барышат экен. Ошондуктан облустук деңгээлдеги органдардын баарын жоюу шарт. Райондук прокурор түз башкы прокурор менен, РИИБдин башчысы министр менен, аким премьер-министр менен түз иштешүүсү керек. Райондор ирилешсе, 40 район эмес, 25-30дай эле район калат. Премьер-министр 25-30 аким менен түз иштей албайбы эмне? Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү жоюлса, маселени пайдалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Эки деңгээлдүү бюджетке өткөндөн кийин эки деңгээлдүү башкарууга өтүшүбүз керек. Чыгымдар дагы азаймак", - деди Бокоев.

АРТЫКОВ: "Айылдык, райондук же облустук башкаруучу органдын бирөө жоюлушу зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жергиликтүү башкаруу тармагы реформа жүргүзүүгө муктаж экенин айтты.

"Негизинен жергиликтүү башкаруу тармагы реформага муктаж. Айылдык, райондук же облустук башкаруучу органдын бири жоюлушу зарыл. Өкмөттүн облустагы өкүлү деген туура эмес болуп калган, анын ыйгарым укугу болуш керек. Эгер районду жоё турган болсок, анда айылдарды бириктирип, чоңойтуп, өзүнчө аймактык орган түзүү кажет. Негизи эле жергиликтүү башкаруу тармагындагы баскычтардын бирин жоюу кажет. Бул маселеде 20 жылдан бери ар кандай варианттар каралып келет, бирок жыйынтык чыга элек.

Эң башкысы, башкаруучу орган азайышы зарыл, себеби алардын ар бири аткаминер болуп эсептелет. Ошондуктан укугун көбөйтүп, санын азайтыш керек. Бир нерсени белгилеп коёюн, мисалы, кээ бир райондордон 3-4 эсе чоң айрым айыл өкмөттөрү бар. Ошондуктан бардык аймакта эле кыскартууга баруу керек деп айта албайм, ошол аймактын шартына карап башкаруу органын түзүү зарыл", - деди Артыков.

ОРОЗОВА: "Аймактык башкарууда ирилештирүү иши аткарылса, облустар кыскарышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын айтымында, аймактык башкарууда ирилештирүү ишин ишке ашыруу керек.

"Бизде аймактык реформа боюнча чоң программа турат. Аймактык реформа жүрүп, ирилештирүү иштери аткарылса, облустар өздөрү жоюлуп, айыл өкмөттөрдү кошуп аймактык орган түзгөндө башкаруу жеңил болот деген маселе туура. Себеби бүгүнкү күндө облустук, райондук администрациянын чындыгында бийлиги деле жок. Бизде буга чейин кыскартуу болгондо иш аткара турган кызматтар кыскартылып, ал эми кыскартыла турган кызматтар ордунда калган.

Бүгүнкү күндө ирилештирүү ишин аткаруу керек. Азыр бюджеттин көбү эмгек акыга кетип жатат. Калкы аз 2-3 айыл өкмөттү бириктирип бир район кылып койгон жерлер көп, ошондуктан ирилештирсек райондордун да саны азаймак. Калктын санына карап ирилештире турган болсок, түштүк аймагын 2 облус, түндүк аймакта 2 облус болуп, райондор дагы 44 эмес 20-30га түшүшү мүмкүн", - деди Орозова.

ӨМҮРБЕКОВА: "Өз алдынча башкаруу системин күчөтүү абзел"

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу маселеси боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

"Бул маселени биринчи анализдеп чыгуу керек. Мамлекеттик географиялык түзүлүшү тыгыз эмес да. Райондор бири-биринен канчалык алыстыкта жайгашкан, ошону да эске алуу менен бир жыйынтыкка келишибиз зарыл.

Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп жатат. Мисалы, мурда облустук бюджеттер дагы бар болчу. Бүгүнкү күндө эки тепкичтик бюджет бар: республикалык жана жергиликтүү. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү деп аппарат түзүлгөн. Райондук акимдердин бюджети, көп укуктары деле жок экен, ушундай облустук башкаруунун кереги барбы деген суроо келип чыгат. Депутаттар тарабынан бир нече жолу бул маселе көтөрүлгөн. Облустарды жоюп, райондук администрацияларга функцияларды берип, өкмөттүн кээ бир ыйгарым укуктарын кеңейтип берүү керек. Алар өкмөт менен түз иштешсе жоопкерчилик бийик болор беле деген маселе талкууда.

Өз алдынча башкаруу системин күчөтүү абзел. Ошолорго чогулган салыктардын бир салмагы жергиликтүү бюджетте калып, алар өздөрүнүн маселелерин чечкендей болуусу кажет. Көптөгөн маселелерди республикалык бюджеттен чечкенге туура келип жатат. Айыл өкмөттөрдүн дареметин күчөтүп, өз алдынча иш алып бара турган деңгээлге алып келүү зарыл. Ошондо облустук органдар өзүнөн өзү жоюлат. Бирок өкмөттүн өкүлү катары мамлекеттик администрация катары райондук мамлекеттик администрациялар калыш керек. Райондо болуп жаткан иштерди райондук администрация жөнгө салуусу зарыл. 7 облустун аппараты кыскарса, албетте, алардын айлык маянасы, кетирген чыгымдары азаймак. Бул маселени дагы карап чыгыш кажет", - деди Өмүрбекова.

КАПТАГАЕВ: "Азыр райондук администрациялардын бюджети да, бийлиги да жок"

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев өкүлчүлүктөрдү жоюп акимдерди калтыруу менен маселе чечилбейт деген пикирде.

"Биз 2015-жылы Ысык-Көлдөгү райондорду жоюу боюнча чоң демилге менен чыкканбыз. Облусту бир район катары калтырып айыл өкмөттөрдү ирилештирүү сунушу менен өкмөткө да кайрылганбыз. Биздин сунуш боюнча Ысык-Көлдө 15 айыл өкмөтү, 3 шаар жана бир райондук аймакты калтыруу каралган.

Негизи бул маселелерди ар ким ар кандай айта берет. Облустук өкүлчүлүктөрдү жоюу менен эч кандай маселе чечилбейт. Эң оболу бул тармакты жакшы билген адистердин жумушчу тобун түзүп, бардык сунуштарды карап чыгып, жердин ыңгайына, элдин ыңгайына, аралык, карым-катыш жана башка нерселерди терең талдап туруп өлкөнүн административдик-аймактык бөлүнүшүнө реформа жасоо керек. Бардык бийликтин борборго топтолуп алгандыгы - учурдагы эң чоң көйгөй. Саясий кыймылдар, элдер жана ар кайсы топтор борбордук бийликке жетүүгө умтулат. Ошон үчүн Бишкекке баарын топтоп албай, бийликти аймактарга өткөрүп берүү керек. Ошондо ар ким өз аймагы үчүн жоопкерчиликтүү иштейт. Азыр райондук администрациялардын бюджети да, бийлиги да жок болгон үчүн аткарайын деген ишин жасай албайт. Мындай бийликтин аты эле бар, өзү жок", - деди Каптагаев.

КЫЛЫЧЕВ: "Азыр өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жөн эле куратор сыяктуу отурат"

Жарандык активист Алга Кылычевдин пикиринде, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу менен бюджетти үнөмдөп, аймактык бөлүнүүчүлүктү да жойсо болот.

"Парламенттик өлкө болгондон кийин түздөн-түз чарбалык иштерге премьер-министр жооп берет. Мен ушул ойго кошулам. Азыр өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жөн эле куратор сыяктуу отурат. Ал акимди дайындай албайт же кызматтан ала албайт. Демократия деп эле ушинтип отуруп калганбыз. Конституцияда да премьер-министр жооп берет деп жазылып турат.

2016-жылдагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча президенттин бир топ укуктары алынып, премьерге берилген. Жогорку Кеңештеги аймактарга, башкарууга тиешеси бар тармактык комитеттин депутаттары да жеке кызыкчылыктарын ойлобой ушул боюнча мыйзам иштеп чыгышы керек. Азыр башкаруу чаржайыт болуп калган. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу, албетте, каражатты үнөмдөөгө оң таасирин тийгизет. Вице-премьерлердин бири кыскарат. Облус эмес, райондордун эле аттары аталып калса, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас болуп бөлүнгөндөр да токтомок. Муну эл өкүлдөрү мыйзам жазуу менен же референдум жолу менен гана ишке ашырса болот", - дейт Кылычев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан