SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна активист Алга Кылычев жооп берди.
Анын пикиринде, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу менен бюджетти үнөмдөп, аймактык бөлүнүүчүлүктү да жойсо болот.
"Парламенттик өлкө болгондон кийин түздөн-түз чарбалык иштерге премьер-министр жооп берет. Мен ушул ойго кошулам. Азыр өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жөн эле куратор сыяктуу отурат. Ал акимди дайындай албайт же кызматтан ала албайт. Демократия деп эле ушинтип отуруп калганбыз. Конституцияда да премьер-министр жооп берет деп жазылып турат.
2016-жылдагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча президенттин бир топ укуктары алынып, премьерге берилген. Жогорку Кеңештеги аймактарга, башкарууга тиешеси бар тармактык комитеттин депутаттары да жеке кызыкчылыктарын ойлобой ушул боюнча мыйзам иштеп чыгышы керек. Азыр башкаруу чаржайыт болуп калган. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу, албетте, каражатты үнөмдөөгө оң таасирин тийгизет. Вице-премьерлердин бири кыскарат. Облус эмес, райондордун эле аттары аталып калса, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас болуп бөлүнгөндөр да токтомок. Муну эл өкүлдөрү мыйзам жазуу менен же референдум жолу менен гана ишке ашырса болот", - дейт Кылычев
Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Карамат Орозова, Кенжебек Бокоев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.