Бишкекте маршруттук такси 11 жаштагы баланы сүзүп, ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-августта Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 281-маршруттук таксинин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.
"Бала ооруканада каза болду. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилип, учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.