Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Азыр райондук администрациялардын бюджети да, бийлиги да жок"

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жооп берди.

Каптагаев, өкүлчүлүктөрдү жоюп акимдерди калтыруу менен маселе чечилбейт деген пикирде.

"Биз 2015-жылы Ысык-Көлдөгү райондорду жоюу боюнча чоң демилге менен чыкканбыз. Облусту бир район катары калтырып айыл өкмөттөрдү ирилештирүү сунушу менен өкмөткө да кайрылганбыз. Биздин сунуш боюнча Ысык-Көлдө 15 айыл өкмөтү, 3 шаар жана бир райондук аймакты калтыруу каралган.

Негизи бул маселелерди ар ким ар кандай айта берет. Облустук өкүлчүлүктөрдү жоюу менен эч кандай маселе чечилбейт. Эң оболу бул тармакты жакшы билген адистердин жумушчу тобун түзүп, бардык сунуштарды карап чыгып, жердин ыңгайына, элдин ыңгайына, аралык, карым-катыш жана башка нерселерди терең талдап туруп өлкөнүн административдик-аймактык бөлүнүшүнө реформа жасоо керек. Бардык бийликтин борборго топтолуп алгандыгы - учурдагы эң чоң көйгөй. Саясий кыймылдар, элдер жана ар кайсы топтор борбордук бийликке жетүүгө умтулат. Ошон үчүн Бишкекке баарын топтоп албай, бийликти аймактарга өткөрүп берүү керек. Ошондо ар ким өз аймагы үчүн жоопкерчиликтүү иштейт. Азыр райондук администрациялардын бюджети да, бийлиги да жок болгон үчүн аткарайын деген ишин жасай албайт. Мындай бийликтин аты эле бар, өзү жок", - деди Каптагаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Карамат Орозова, Кенжебек Бокоев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан