Эмилбек Бактыбеков 2-августтан бери изделүүдө. Ал Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүмчөнүн командири болуп иштеп жүргөнүн SUPER.KG порталына атасы Бактыбек Темиров билдирди.
Анын айтымында, Эмилбек Бактыбеков 27-июль күнү Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен.
"2-август күнү уулум мага байланышка чыгып, мен шаарда жүрөм, жумушума бир аз акча карыз болуп калдым деген. Мен өзүм иштеген жериңе алып барам, сен кете бер деп айткам. Ошол боюнча байланышкан жокпуз. Мен Ош шаарынан Бишкекке чыгып жатсам, аны менен аскерде бирге кызмат кылган бала мага телефон чалып: "уулуңуз менин телефонумду алып кетип калды" деп айтты.
Мен Оштон уулумдун досуна жолугуп, андан ары Балыкчыдагы жумушуна бардым. Чогуу иштегендеринен сурасам, телефонумду күрөөдөн чыгарып келем деп кеткенин айтышты. Ал жактан бардык документтерин алып келип койдум. Өзүбүз Ош шаарында жашагандыктан Эмилбектин да жумушун Ош шаарына котортуп жаткам", - деди изделип жаткан жигиттин атасы.
Издөөдөгү жаран ушул жылдын март айында Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүккө Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктөн которулган. Ал 24 жашта.
Эмилбек Бактыбековду көргөн же билгендер болсо 0550 93 12 16, 0703 53 50 40 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну өтүнөт.