Чүйдө 13 жана 15 жаштагы эже-сиңди дайынсыз болуп изделүүдө. Алардын бирин багып алган тургун окуянын чоо-жайын айтып берди

Чүй облусунун Аламүдүн районунан 4-августтан бери 13 жана 15 жаштагы бир тууган эки өспүрүм кыз изделүүдө. Алар Ак-Тилек конушундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес. Изделип жаткан кыздардын бири Бегимай Ахматалиеваны 9 айлыгында багып алган апасы Гулипа Насырова окуянын чоо-жайын SUPER.KG'ге айтып берди. Насырова кыздардын дайынсыз болуп изделип жатканын өзү бир жумадан кийин гана билген.

"Бегимай кайнежемдин кызынын кызы болот. 9 айлык кезинде асырап алгам. Эч нерседен кем кылбай чоңойттум. Бегимай буга чейин бир жолу жоголуп кайра табылган. Жолдошум экөөбүз конокко кетсек, "бассейнге кеттим" деп үйдөн чыгып кетип, эртеси Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан табылган. "Кайда жүрдүң?" десем мурдагы классташ кызынын үйүндө болгонун айтты. "Үйгө кетели" десем "таенемдин үйүнө барам" деди. Себеби ал жакта өзүнүн бир тууган 13 жаштагы сиңдиси жашачу. Ал жакка барган соң мени менен кетпей турганын айтып, үйгө калып калды. Кайнежеме табыштап кетип калдым. Ошол боюнча көргөн жокмун. Сиңдиси экөө 4-август күнү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып үйдөн чыгып кетишиптир. Мен бир жумадан кийин уктум. Издебеген жерибиз калган жок.

Кыздардын ата-энеси 10 жыл мурун ажырашып кетип, апасы Москвада 3 жылдан бери иштеп жүргөн. Ал адамдын өзүнчө үй-бүлөсү бар деп да укканбыз. Бирок апасы да кыздарына жакшы мамиле жасачу.

Бегимай аны мен багып алганымды бирөөдөн угуп калгандыктан баарын ачык айтып бергем. Балким, өткөөл курак кезинде ар кандай ойлорго кептелип ушундай жолго барып жатат окшойт, билбейм. Азыркы учурда алардын апасы Москвадан келген. Бардыгыбыз издеп жатабыз", - деди Гулипа Насырова.

15 жаштагы Бегимай Ахматалиеванын бою 160-165 сантиметр, чачы узун. Ак футболка, кара түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кеда кийип жүргөн.

13 жаштагы Аземгүл Койлубаеванын бою 160-165 сантиметр, чачы далысына чейинки узундукта, бетинин сол тарабында меңи бар. Күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Өспүрүм кыздарды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номуруна чалып, кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Angel92
2018-08-19 16:48:09
Эрте чоноюшат азыркылар.Интернеттен ар нерсе корот,соц сетьтерде отурат.Алданып же озум билемдик кылып жатат окшойт.Соц тармактарга да жашына чектоо киргизсе жакшы болмок.
Анан да азыр балага катуу суйлогондон ата-энелер да сестенип турган заман болуп калды.Бир деме десен олом дейт же уйдон качат.Кок чыбык менен эле откоол курак дегенди билбейле чонойдук эле биз(чон эне болуп койдум)))
+11
Arlenchik
2018-08-19 18:47:26
Аман-эсен зордук зомбулук корбой табылып калышса экен, табылса жакшылап иликтеп коруш керек, мумкун кордук коруп аргасыздан качууга мажбур болушкандыр, мурда качып женеси таап алып таенесинине барып кайра кетпейм деп калып калса женеси да жакшы мамиле кылчу эмес окшойт, куноонун баары энесинде да, эки кызын таштап коюп ал жактан куйоого тийгендин балакетин алабы, кок суу берип баксада балдарынын жанында болбойбу, балага энеси мн болгондон ашкан бакыт барбы?! ажырашуунун кесепетин балдары тартып.
+4
simone
2018-08-20 02:57:30
Аман эсен болушсунчу, баарыбызда бала чака бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан