Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ Ирандагы бийликти кулатууга кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Министр АКШ өлкөдөгү бийликти кулатуу максатында "атайын аракет жасаган топ" түзүп жатат деп жазган өз билдирүүсүндө.
"Мындан 65 жыл мурун АКШ бийлиги Ирандагы эл шайлаган демократиялык өкмөттү кулатып, диктатураны орноткон. Учурда атайын топ жалган маалыматтын жардамы менен ал окуяны кайра жасагысы келүүдө", - деп жазган Зариф.
Буга чейин май айында АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен дүйнөлүк алты ири өлкөлөр кол койгон өзөктүк макулдашуудан чыккан соң Иранга каршы санкциялар кайра киргизилерин айткан.