Чүй облусунун Кой-Таш айылында үйлөнүү тойдо күйөө жана анын досу асманга ок чыгарды деген маалыматты милиция текшерүүгө алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары күбөлөрдүн билдирүүсүнө таянып окуя тууралуу жазып чыккан. Ага ылайык, күйөө Винчестер ал эми досу Макаров тапанчасы менен ок чыгарган.
"Бул окуяны учурда күбөлөр гана билдирүүдө. Ал маалыматтын баары текшерилип, тартип бузгандар болсо изделет", - деди маалымат катчы.