Жайкы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова кытайлык балбан кызды жеңди. Эми ал жарым финалда

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин жарым финалына өттү.

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Чейрек финалда Тыныбекова кытайлык Руи Хю менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Тыныбекова 3:0 эсеби менен жеңишке жетип жарым финалга аттанды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда түндүк кореялык Жонг Сим Римди утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nelya88
2018-08-20 14:24:02
Алга,Айсулуу!!!Элибиздин чоң сыймыгы- сага ишенебиз!!!
+5
Suzak12
2018-08-20 14:24:55
Молодец красавица Аллахым сага куч кубат берип биринчи орунду ал карындашым.
+4
taalay89
2018-08-20 14:36:18
Алла жар болсун! Ийгилик күтөбүз сенден
+3
Shaa-82
2018-08-20 14:42:01
Азамтсын! Ийгилик!
+3
Jazdyn_tany
2018-08-20 14:43:31
Алтын утуп кел!
+2
Aisha02
2018-08-20 14:53:44
Финалда
+2
elebes86
2018-08-20 15:13:26
Манас атабыз колдосун. Молодец. Жараткан Тенирим куч кубат берип бар бол.
+3
Aigerim.95
2018-08-20 15:46:51
Азаматсыз эжекеси.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан