Жайкы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада жеңилип калган индиялык балбанды утуп, финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалына чыкты.

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп жатат. Жарым финалда Тыныбекова "Рио-2016" Олимпиадасынын медалчысы индиялык Сакши Малик менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Тыныбекова 8:7 эсеби менен жеңишке жетип, финалга аттанды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда түндүк кореялык Жонг Сим Римди, жарым финалда кытайлык Руи Хюну утуп алган.

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармашта Тыныбекова коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакши менен кез келип, утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Shaa-82
2018-08-20 14:55:18
Ураа!!! Адашпасам дуйнолукто ушул индиялыктан женилип калган болчу. Аллах сага жар болсун! Алтын тагынып турган суротунду кутобуз!
+9
elebes86
2018-08-20 15:11:33
Азамат Манас Атабыз колдосун ушул кызды. Бабаларыбыздын урпактары колдоп, Тенирибиз куч кубат берсин.
-11
meni_kut
2018-08-20 15:21:32
elebes86,Аллахым колдосун мусулман
балбан кызыбызды.
+4
elebes86
2018-08-20 15:37:05
meni_kut,
Кыргыздын дилин тилегин жараткан Тенир берет. Кыйынчылыкта Манас атабыздын духу колдойт, куч кубат берет. Ич куйдулук болбосун. Жамандыкты жакшылыкты Манас атабыздын деми менен баштайбыз. Манас Атабыз бизди шыктандырат.
-3
Mavlyuda
2018-08-24 16:57:04
elebes86,Ким колдоорун жакшылап изилдеп үйрөнүп чык анан жаз. Аллах Манас атабызды да колдогон. Сөз сүйлөрдөн мурда сөздүн маанисине бар тууганым. Көзү өтүп кеткен Манас ата шыктандырышы мүмкүн как кумир бирок билип кой эч качан духу колдобойт. Колдоочу жалгыз Аллах
0
omurbekkutibaev77
2018-08-20 15:15:31
Ушул кызга рахмат кыргызды далайга даназалады
+9
monster_high_98
2018-08-20 15:16:41
Азия оюндарын кайсы канал коргозуп жатат??
+4
Romantik.
2018-08-20 15:17:58
Азаматсын, просто супер:)
+5
aibars
2018-08-20 15:38:42
Ушул Айсулуу жаны чыгып жатканда, коптор айтышты эле кыздай эле болбойбу эркектердей болбой деп. Эми ошолорго жооп.
+5
elebes86
2018-08-20 15:43:47
aibars,Колунан ХХХ ХХХ , оозу менен орок оро беришсинчи. Ушинтип кыргыздын желегин даназалап алышсынчы чет жактарга чыгып. Кыздай болуп турат соп сонун эле.
+1
admin_media
2018-08-20 15:49:07
elebes86, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
+2
Aigerim.95
2018-08-20 15:50:15
Абдан кубанычтамын. Ыйык кундору бизди ушундай ийгиликтер менен кубандырып жатасыз. Азаматсыз.
+2
Jelezo
2018-08-20 15:51:12
Абдан жакшы тилеген максатыңа жете бер ийгилик кыргыз эли дайыма балбан уул кыздарын колдой берет
+3
kg_emilbekov
2018-08-20 17:26:38
жарайсын
0
Alixan-Nookat.2015
2018-08-20 18:16:02
Айсулуу сени кудайым колдосун, ыйык Курман айт майрамына карата кыргыз элине жеңишин белек болсун!
0
Mavlyuda
2018-08-24 16:59:09
Азаматсың Айсулуу. Күмүш медал кут болсун. 2020-жылы буюрса алтын тагынасың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан