Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну милицияга зордуктоо боюнча арыз жазды

Жигитинин досу тарабынан зордукталып, сабалганын айткан Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну милицияга зордуктоо боюнча арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жабырлануучу кыз өзү кабарлады. Анын айтымында, Панфилов РИИБинин ыкчам-тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон Чалдыбар айылына барып, тийиштүү документтерди чогултуп, зордуктоо боюнча арыз алып кетишти.

"Азыр мен экспертизадан өтүп келип, ооруканада жатам. Милиция кызматкерлери окуя болгон үйгө барып, далилдерди чогултуп, менден зордуктоо боюнча арыз алып кетишти. Буга чейин сабалганым боюнча арыз бергем", - деди жабырлануучу кыз.

Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну 17-август күнү Панфилов районунун Чалдыбар айылында өзүнүн сүйлөшүп жүргөн жигитинин досу тарабынан зордукталып, андан кийин сабалганын айтып берген.

Ал эми экинчи тараптын өзү менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек. Кыздын жигити болгон адамдын таанышымын деп өз оюн айткан жарандын билдиришинче, жабырлануучунун айткан сөздөрү калп болушу мүмкүн. "Кыздын жүрүм-туруму начар болчу. Ал жалаа жаап жатат окшойт. Бул жерде кыз зордуктап, сабады делип жаткан баланын капчыгын уурдап алганын, уруш ошондон чыккан уктум. Бирок биз дагы жакшы чын-төгүнүн билбей жатабыз", - деди ал.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиеванын айтымында, учурда облустук милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан жазылган арыздардын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат. "18-августта аймактык милицияга Чалдыбар айылынын 1981-жылы туулган жаранынан жана Кайыңды шаарынын 1991-жылы туулган жаранынан арыз келип түшкөн. Чалдыбар айылынын тургуну өзүнүн жазган арызында 1991-жылы туулган кыз унааны, гитараны жана телевизорду талкалап чоң чыгымга учуратканын көрсөткөн. Экинчи тарап 1981-жылы туулган киши тарабынан сабалганын айтып даттанган. Окуя облустук милициянын жетекчисинин көзөмөлүнө алынып, ыкчам-тергөө тобу иш алып барып жатат", - деди Имангазиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kychtyy
2018-08-20 17:56:14
Козун жон эле боеп алганго. Азыркы замандын шумдуктары. Телефондон мажбурлап дегенин окуп алып кулкун келет. Анан чечинтип голый кылып чыгып кетти деп. Жигитинин башка кызы бар экен еще. Чо то эч жабыр тарткан кызга окшобойтго. Кудай билет эми ал кыздын куноосун алыштан узакмын бирок. Окшобой калыптыр. Жон эле очошкон сыяктуу. Иши кылып ыйман ынсап берсин
+3
patiydin
2018-08-20 18:00:22
Бул жерде кызганыч бар болсо керек!
0
titanik32
2018-08-20 18:04:52
Актриса болгудай,көздү окшоштуруп боёптур кызыл сирень кочкул кылып.
+3
Bayazet
2018-08-20 18:14:43
3 жаш кем кырктагы адам жигити болсо анда мен бобок болуп каламго
0
surgeon777
2018-08-20 23:26:36
Bayazet,40 жаш чалбы эмне ошондо?))))Сен дагы отуздан отуп кыркка жакындаганда ушу комментинди биир эстеп жылмайып алаарсын..мен деле чыга элекмин,жашмын, бирок 12 жашымда 20 жаштагылар пенсионер корунчу)))
+3
BoDiNur
2018-08-20 18:19:30
Заман бузулду
-1
Juni1
2018-08-21 00:40:54
BoDiNur,заман эмес, адамдардын мүнөзү бузулду
+2
bond02
2018-08-20 18:35:01
Бул кыз да ичкен болуш керек ошондо.
0
titanik32
2018-08-20 18:44:17
Кыздын кебетесине терисине караганда көбүн какшатып акчага сындырган го.Бир жерде жүрөт окудум,кызды чечинтип койсо жата бериптир жаш баладай.
+1
Pchelka85
2018-08-20 18:53:54
titanik32, адамды кандай адам экенин терисинен билсениз...укмушсуз го))))
+3
Pchelka85
2018-08-20 18:57:40
Банальная история. Озу туз журбогон кыз.. ошондой эле "жигит" соройу досу менен.. чогулушту, ичишти.. анан уруша кетишти. Тем более "Жигитине" башка кыз келип атса. Анан ар ким бет тырмаарлык кылып бири-бирине доо коюп атат. Просто тан калам ушундай кыздарга бир чети. "Кыз боозуп энесин коркутат" дегендей. Озун сыйлаган кыз ар кайсы жакта ар ким менен ичип журбойт го дейм... тьфу..тьфу..тьфу оз башы менен кетсин...
+2
Farra16gsin
2018-08-20 19:00:12
27ге чыкканча күйөөгө тийбей жүрсөң анан аркайсы вечерде жүрсөң ошондой болотта эми кыз боозуп энесин коркутат болосуң уят
-1
ilgizk
2018-08-20 19:12:51
Жатышы жатып алып, анан зордуктады деп бизнес кылып алдыңар окшойт кээбир кыздар ...
0
Benazir08
2018-08-20 20:21:34
Куноо кыздаааа. Озу мнеге барат жигитим учун бардым деп иииий кунаажын аай айта берсен соз коп уят уят уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан